Садыр Жапаров: Туристтерден коркпошубуз керек
- 3 года мурун
Жай айында Ысык-Көлдү каптап кеткен чет элдиктер тууралуу суроого Президент Садыр Жапаров жооп берди.
-Дубайга түз рейс башка жактарда жабылып калган экен. Биз аркылуу гана түз рейс болду. Мейли пакистандыкпы, индиялыкпы, туристтерден коркпшубуз керек. Ар бир турист кеминде миң доллардан таштап кетет. 2-3 айда бир кишиден 10 млн доллар түшөт.
Туристтерди кучак айып тосуп алышыбыз керек. Эгер тартип бузса, ички иштер министрлиги, өзүбүз деле эл деле тартипке салып коюш керек, -деди ал.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Ага 89 ЖМКдан 163 журналист акредитациядан өткөн. Анын 13ү чет өлкөлүк журналисттер.
Муну бөлүшүү