Садыр Жапаров ТМУ Саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти. Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга Стратегиясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле ТМУ менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.

Белгилей кетсек, өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө-мамлекеттер – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын башчылары катышат. Ал эми Венгриянын Премьер-министри менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы байкоочу макамында катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты