Садыр Жапаров ТМУ мүчө-мамлекеттеринин лидерлери менен биргеликте бейформал сый тамакка катышты

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты.

Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстан Республикасынын Президентинин атынан расмий кече жасалды.

Түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду.
Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасын чагылдырган номерлер камтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты