Садыр Жапаров ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

«Садыр Жапаров Түрк кеңешине катышуучу өлкөлөрдүн интеграциялык процессинде жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги ролун баса белгиледи. Ал Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Жапаров ТМККнын алдыда өтүүчү саммити, Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин билдирген.
Багдад Амреев кезектеги жыйынга даярдыктардын жүрүшү жана талкууга алына турчу маселелер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө ТМККнын Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты