Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, 8-9-июлда мамлекеттик сапар менен Душанбе шаарына барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Анын айтуусу боюнча, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар пландалган.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өтөт.
Сүрөттө: Душанбек шаары. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




