Садыр Жапаров Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту
- 1 месяц мурун
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда, Чолпон-Ата шаарында Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо программасынын жетектөөчү комитетинин жыйынына келген Россиянын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономикалык, экологиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.
Биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, туристтик байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана түрк элдеринин символу болгон ак илбирсти сактоо жаатында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Садыр Жапаров Кыргызстан жаратылышты, курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын туруктуулугу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Бул контекстте ал Татарстан менен биргелешкен экологиялык жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Рустам Минниханов айтылган демилгелерди колдоорун айтып, экология, климаттын туруктуулугу жана биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.
Ал үстүбуздөгү жылдын март айында кабыл алынган бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Казань резолюциясын эске салды.
Сүрөт: president.kg