Садыр Жапаров: «Талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн эмес, элдин колунда»
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берүү боюнча пикир билдирди. Анын айтымында, миң үгүтчү бул көп сандагы көрсөткүч жана муну талапкерлердин каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша бааласа болот. Бирок шайлоодо чечүүчү ролду үгүтчүлөр эмес, эл ойнойт.
«Эл колдобосо, миң эмес, эки миң үгүтчү жалдасаң да жеңе албайсың», — деди президент. Ал ошондой эле шайлоочуларды добуш сатпоого чакырып, үгүтчүлөр да акчанын артынан түшүп, кийин элдин убалына калбашы керек экенин эскертти.
Президент мисал катары 2005-жылкы шайлоодо аз сандагы үгүтчү менен жеңип чыкканын жана 2010-жылы 30 үгүтчү иштеген участоктон болгону 2 добуш алган учурларды эске салды.
Жыйынтыгында Жапаров шайлоо таза өтүшү үчүн элдин тандоосу чечүүчү экенин баса белгиледи.




