Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Анын алдында түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу алака-катыш, буга чейин кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Садыр Жапаровдун администрациясы ал ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин билдирген. Ашхабадга барган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков, Түркмөнстандагы элчи Талант Султанов бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты