Садыр Жапаров Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 11-декабрда, Ашхабад шаарында президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.
Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды.
Сердар Бердымухамедов Ашхабадда Садыр Жапаровду тосуп алып, форумга катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Түркмөнстандын президенти өз ара кызыкчылыкты туудурган мамилелерди мындан ары да чыңдоого түркмөн тарап даяр экендигин ырастады.
Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен тарыхый жактан калыптанган достук жана бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын жана аларды узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн бекем негизи катары караарын баса белгиледи.
Кыргызстандын президенти транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал тараптардын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык мультимодалдык коридорлордун толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташып, бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыктарын билдиришти.
Сүрөт: president.kg




