Садыр Жапаров Түркмөнстан Халк маслахат төрагасы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында  сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы эки өлкөнүн соода кызматташтыгындагы оң динамиканы белгилеп өттү.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн тараптын бардык негизги тармактарда, анын ичинде соода, газ, энергетика, транспорт, маданият жана билим берүү тармагында кызматташууга умтулуусун жана даярдыгын баса көрсөттү.

Президент Жапаров сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн өнөктөштүгү үчүн жаңы перспективаларды ачарына ишеним билдирди. Бул контекстте ал залкар түркмөн ойчулу Махтумкули Фрагинин: «Биримдик – кыялды чындыкка айландыруучу күч» деген сөздөрүн мисал келтирди.  

Сүрөт: president.kg   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты