Садыр Жапаров: “Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө жол бербейм”
- 3 недели мурун
Бүгүн, 16-февралда, “Кабар” агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров түндүк-түштүк бөлүп бөлүнүүгө жол бербей турганын билдирди.
-Биринчиден, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Андай бөлүнүп-жарылууларды качан гана керек болгондо, саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн бөлүп баштайт. Карапайым элди колдонушат,-деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров 2021-жылдан бери бөлүнүү жоголуп баратканын баса белгиледи:
-Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем. Анан ошондо “Кудай буюруп, келечекте президент болуп келсем, Кыргызстандын бул оорусун сөзсүз айыктырам» деп өзүмө сөз бергем. 2021-жылдан бери андай бөлүнүп-жарылуу жоголуп бара жатканын байкап атсаңар керек. Мисалы, райондордун акимдери, соттор, прокуратура, УКМК, ИИМдин жетекчилерин ротация кылганбыз,-деди мамлекет башчы.
Ал эми бөлүнүүнүн баарын саясатчылар баштай турганын кошумчалай кетти:
-Мен жогоруда айтпадымбы, бөлүнүүнүн баарын саясатчылар баштайт. Карапайым калк курал болуп берет. Саясатчы элди курал кылып колдонот дагы бийликке келет, карапайым калкка бир тыйынчалык пайдасы тийбейт. Керек болсо дасторконуна бир сындырым нан ашыкча түшүп калбайт. Баш аламандыктарда жаракат алганы деле карапайым калк, өлгөнү деле карапайым калк. Же эмне акыркы 30 жылда бир саясатчынын жакыны өлгөнүн көрдүңөрбү? Ошондуктан саясатчылардын бузукулук сөздөрүнөн трагедия кылбагыла. Мен акыры түндүк-түштүк деген ооруну жок кылам. Убакыт керек,-деди президент «Кабар» агенттигине маегинде.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Сүрөт: president.kg




