Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

«Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашкан.

Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, 24-октябрда өткөн шайлоодо учурдагы президент Шавкат Мирзиёев жалпы добуштун 80,1%ына ээ болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты