Садыр Жапаров сентябрда БУУ сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барат.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш кызматташашуу маселесин талкуулады.

Жолугушуу Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимдин 10-конференциясынын алкагында болуп өттү.

ТИМ өкүлү БУУнун башкы катчысына Садыр Жапаровдун БУУнун башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко боло турган иш сапары, тышкы саясий демилгелери,  тоолорго байланыштуу күн тартибин илгерилетүү жана куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо жаатындагы билим берүү боюнча маалымат берди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты