Садыр Жапаров: “Сөз эркиндиги да, демократия да бар”  

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кыска маегинде өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы тууралуу айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди.

-Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт,-деди маегинде президент Жапаров.

-Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Социалдык маселеби, саясий маселе болобу, өкмөттүн деңгээлиндеги чечим же жеке өзүнүн проблемасы болобу жазып деле, видео тартып деле билдирип келишет. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы, -деп билдирди президент.

Ошол эле кезде буга каршы пикир болорун да эске алып, алдын ала жооп берди.

-Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн.

-Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи?

Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат. Мисалы, былтыр күздө бир партиянын өкүлү башка бир чет өлкөлүк жаран менен отуруп алып массалык башаламандык уюштуруу боюнча сүйлөшүүсүнө коомчулук күбө болгон. Андан ал каржылык жана башка колдоолорду сурап олтурганын көрдүк го.

Мыйзам бузуу болуп атса журналист, блогермин дешет. Журналисттик, блогерлерлик иштерин жүргүзө берсин. Болгону мыйзамдарды бузбасын, “сөз эркиндиги” деген нерсеге жамынып алып, анан ар кандай мыйзамсыз кадамдарга барууга чакырык жасабагыла деп атабыз. Кээ бири сөз эркиндиги деп алып аймактар аралык кастыкты козутат. Анан ал айткандары калкыбызды аймактык белги менен бөлүп-жарып, бир аймактын тургундарын экинчисине тукуруп атса карап отуралыбы, кимиси жеңет деп? Кайсыл бир маселеге карата нааразылык акция кылам дегендер Горький сейил багына чыгып, ЖМКларды чакырып, топтолуп алып кайрыла берсин. Мамлекеттик органдардын алдына барбасын, алардын ишине жолтоо болбосун деген эле ой. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө бар,-деди Садыр Жапаров.

Ошол эле президент кезде өнүккөн өлкөлөрдө, АКШда, Европада кандай экенин мисал кылды:

-Биз бир гана нерсени суранып жатабыз. Жалган маалыматтарды таратып бирөөлөрдүн аброюна шек келтирбегиле, далили жок каралабагыла деген эле талап. Бирдеме десең эле өнүккөн делген Европа мамлекеттерин жана Американы мисал кылышат. Ал жакта кандай болууда? АКШнын Миграциялык полициясы баш ийген жок деген шылтоо менен эки жаранын атып өлтүрүп койду. Трамп Би-Би-Си радиосун 5 млрд долларга сотко берди.

Европада эмне болуп атат? Ал жактагы дээрлик бардык мамлекеттер демонстранттарды кызылдай эле кубалап, күч менен таркатып, активдүүлөрүн камаганын камап, калганын аңдып атат.Муну ЖМКлар деле, эл аралык изилдөө институттары деле жазышууда.

Бул жаман деп айта албайбыз. Менимче, учурда дүйнө жүзү боюнча мамлекеттин бүтүндүгү, анын коопсуздугу, эң алдыңкы планга чыкты. Биз дагы саналуу адамдардын эмес, мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек.

Албетте, бул да болсо калктын, ошол эле айрым учурда ашыкча эмоцияга алдырып, “сөз эркиндиги жок, демократия жок” деп кыйкырып жаткан жарандардын да кызыкчылыгында болууда деп эсептейм. Ошондуктан, буга чейин айтканымдай сөз эркиндигине да, адам укуктарына да эч кандай чектөө жок. Бирин-экин сайттын “сөз эркиндиги же адам укугу жок же начарлап кетти” дегени суу кечпейт,- деди президент Садыр Жапаров.

2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине беш жыл толду. Бул убакытта өлкөдөгү жетишкендиктер менен катар сын-пикирлер да айтылып келет.

Садыр Жапаровдун башкаруусу учурундагы тышкы саясаттагы ийгилик — чек ара маселелеринин чечилиши белгиленүүдө. Анын ичинде кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара маселелеринин чечилиши, эл аралык аренадагы кызматташтыктар, экономикалык жетишкендиктер, криминал жана коррупция менен күрөшүү да баса белгиленүүдө. Ошону менен катар баалардын кымбатташы, саясатчылардын, журналисттердин, активисттердин камалышы боюнча сын-пикирлер да айтылууда.  

Сүрөт: president.kgө

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты