Садыр Жапаров Россияга иш сапар менен барды
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Россияга болгон иш сапарынын алкагында президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышты.
Владимир Путинди 31-август – 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Владимир Путин кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экендигин ырастады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүү боюнча пикир алышты.
Сүрөт: president.kg




