Садыр Жапаров Россия МамДума төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-майда, президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Маалыматта белгиленгендей, анда кыргыз-орус кызматташтыгынын, парламенттер аралык мамилелердин негизги багыттарын, ошондой эле соода-экономикалык жана гуманитардык маселелерин талкуулашты.

Президент кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле бардык багыттар боюнча толук масштабдуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, эки тараптуу диалогдун ажырагыс бөлүгү катары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык диалогдун туруктуу жана системалуулугун камсыздоо боюнча ырааттуу жана системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Буга чейин президент ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты