Садыр Жапаров расмий сапар менен Малайзияга барды

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, расмий сапар менен Куала-Лумпур шаарына барды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.  

Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунан мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына барары кабарланган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты