Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды

  • 2 года мурун

“Кыргыз почтасы” “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Ошондой эле, өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген.

Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты