Садыр Жапаров орус тилинин статусу маселесинде саясий манипуляция аракеттерине каршы экенин билдирди

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилинин статусу маселесинде саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин белгиледи – орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилген.

Бул тууралуу президент Жапаров кечээ, 29-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алуу учурунда билдирди.  

Кыргызстанда окутуусу орус тилинде тогуз орто мектепти куруу боюнча макулдашуунун маанисин белгиледи.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Россияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты