Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

17-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефондон сүйлөшкөн. Сүйлөшүү учурунда министр БУУнун баш катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардан каза болгон, жараат алган тургундар, талкаланган инфратүзүм, үй-жай, мектептер, кыргыз жарандарынын мал мүлкүн талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берген.

Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен жеке жолугууга даяр экенин, келерки аптада Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен да абалды талкуулай турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты