Садыр Жапаров  Эмомали Рахмон менен жолугушту

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулаганын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчылар ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы бешинчи консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты