Садыр Жапаров: «Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз»

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол берилбей турганын айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысына «Бишкекте митингдерге чектөө коюлду. Бул Конституцияга каршы келбейби?» деген суроо узатылды.

«Эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек да. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстан элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький паркына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең түнөп жатып алып өткөр.

Демократия керек бизге. Өмүр бою керек. Бирок ошол демократияны дагы пайдалуу, маданияттуу колдонолу да», — деп жооп берди президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты