Садыр Жапаров менен жолугушууда Саида Мирзиёева Бишкекте өтө турган «Заковат» интеллектуалдык оюну тууралуу айтты

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымат берилди.  

Ана белгиленгендей, мамлекет башчы Өзбекстан президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.

Саида Мирзиёева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын айтты.

Өзбекстан президентинин администрация жетекчиси өз ара сый-урматка жана коңшулаштыкка негизделген мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, бул процесстеги эки өлкөнүн лидерлеринин маанилүү ролун белгиледи.

Саида Мирзиёева Бишкекте өткөрүлө турган «Заковат» интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты