Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты