Садыр Жапаров: Мекендештерибиз бири-бирин кечиришип, ымаласын арттырсын
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн мусулмандарын орозо айынын башталышы менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат:
Орозо жан дүйнөнү руханий жактан тарбиялап, адамдарды ырайымдуулукка, сабырдуулукка жана адептүүлүккө үйрөтөт. Ошондуктан, улуу айдын урматына Жараткандан дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилейли.
Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем.
Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, Мекенге болгон сүйүүсүн бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин, — деди Президент.
Бүгүн, 2-апрелде, орозо айынын биринчи күнү башталды.
Сүрөтт: Интернет булактарынан.