Орозо айы башталды
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 19-февралда өлкөдө орозо айы башталды. Орозо тутуу 30 күнгө созулат.
Буга чейин орозо 19-февралда баштала тургандыгы айтылган. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы кеңеш чечим кабыл алды.
Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба намазы окулары белгиленген. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 18-февралдагы 122 мечитте таравих намазы окулуп, 165 миңден ашык жаран катышары күтүлгөн. Алардын коопсуздун камсыздоодо ички иштер органдарынан күч түзүмдөрүнөн 2000ге жакын кызматкерлер коопсуздукту камдыздоого катышты. Ал жерлерге 20дан ашык атайын техника жайгаштырылды.
Муфтий Абдилазиз Закиров мусулмандарды ыйык орозо айы менен куттуктады:
-Урматтуу мусулман бир туугандарым! Ардактуу кыргыз калкым! Сиздерди бүгүнкү жаңырган ыйык Рамазан айыңыздар менен куттуктаймын! Жаңырган Рамазан эли-журтубузга, ислам үммөтүнө, дегеле адамзатка кайырлуу жана берекелүү болсун.
Орозо мусулманга дайыма Алла Тааланы эскертип, момундук жоопкерчиликти ойготот. Ал адам баласынын ички дүйнөсүн тазалап, жакшы кулк-мүнөз менен сыпаттантып, башкалар менен жакшы мамиледе болушун жана такыба болушун шарттайт. Орозо кармоо менен мусулман көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат. Дайыма Алла Таала мени көрү-билип турат деген сезими күчөйт, -деп айтылат куттуктоодо.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




