Садыр Жапаров: «Мага чыга албай, агама чыгышкан экен»

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куймасын кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун коомчлукта кызуу талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди.

-Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон.

Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да).

«Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр.

Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн.

Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык.

Алтындар бир жылдан бери сатылбай чогула берген. “Кыргызалтын” аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми LBMAдан андай чектөөлөр алынып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз.

Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат.

Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат.

Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болушканы эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес.

“Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен.

Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес.

Бардык эле өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген конокпу, инвесторбу президенттин жакындарына чыга беришет. Мындай иштер буга чейин да болуп келген. Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм.

Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат.

Президент болуп бир мөөнөт олтурамбы, эки мөөнөт олтурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем., -деди Президент Садыр Жапаров.

Кечээ, 7-сентябрда, Инстаграмдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун чет өлкөлүк адамдын жанында алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү жарыяланды. Бул сүрөт коомчулукта кызуу талкууну жаратты.

Анда президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровго окшош адам колундагы алтын куймалары менен сүрөткө түшкөн. Анын жанында түрк желеги тигилген жилет кийген адам турат. Алар азыр эле ийгиликтүү келишим түзгөн кейиптенишет. Суроо: Сабыр Жапаров эми Кыргызстандын алтынын чекене сатып жатабы? Же муну кандай түшүнсө болот?” деп жазылган билдирүүдө.

«ПолитКлиника» медиасы бул сүрөттүн таржымалы боюнча Фактчекинг жасап, Сабыр Жапаровдун алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү Түркиянын алтын аффинаждоочу Ahlatcı Metal Rafineri ишканасында тартылган. Сүрөттөгү алтын куймалары аталган компанияда өндүрүлгөнүн аныктап чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты