Садыр Жапаров: «Мадумаровдун тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт»

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде суу маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып, депутат Адахан Мадумаров тууралуу да айта кетти.

— Жогорку Кеңештеги талкууда энергетика министри бүгүнкү күндө суу, электр кубаты боюнча товар алмашуу саясаты жүрүп жатканын айтты. Ошондо депутат Адахан Мадумаров сууну ресурс катары кабыл алып, сууну сатпайсыңарбы деген суроону койду. Чындап эле сууну товар катары сатууга болбойбу?

— Сууну товар катары сатууга да убакыт келет. Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса, анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коет. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры.

Министр мырза: «Сиз сунуш айтыңызчы, кандай иштейин, ушул кризистен кантип алып чыгайын, кантип реконструкция кылайын» десе, эч бир сунуш айта албай какап калды. “Аз уурдаш керек” дейт. Бул сөздү бешинчи класстын баласы деле айта алат. Азыр мурдагыдай уурулук жок. Ошол үчүн карызы үч жылдан бери 137 миллиард сомдон бир тыйын өйдө көтөрүлбөй турат.

Кудай буюрса, бул карыздарынан да кутултабыз. Убакыт керек. Албетте, уурулукту 100 пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Майда-чүйдө уурулуктар кармалып жатат. Камап, кайра төктүрүп жатабыз. Мурдагыдай системалык уурулук жок. Эгер кимдир бирөөлөр уурдап жатканын билсеңер ачыкка чыгарып берсеңер, андай иштер бизге чоң жардам болот. Эл өзү да энергетика системасындагы уурулукка каршы күрөшүш керек. “Көп түкүрсө – көл болот” дейт. Ким уурдаса ал өзүнүн небере-чөбөрөсүнүн ырыскысын уурдаган болот, -деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты