Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы ичүүчү сууну пландуу өчүрүү 15-сентябрдан 16-сентябрга жылдырылганын маалымдады.
16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакты, ошондой эле «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» жана «Полицейский городок» конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу берүү “Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




