Бишкекте курулуш базарынан өрт чыкты  

Баштапкы маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Орозбеков көчөсүндө жайгашкан «Көк-Сай» курулуш базарынан 14-апрель түнү өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылды.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метрди түздү. Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ иш алып барууда. Өрт 14-апрелде саат 03:45те өчүрүлдү.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты