Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залын ачты.

Садыр Жапаров ушул жылдын 29-апрелинде кыздар жана аялдар үчүн залдын курулушуна капсула салынып, ал 5 айда курулуп бүткөнүн эске салды.
Президент бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары эл аралык абройлуу мелдештерде күрөш боюнча байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жатканын белгиледи.

“Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым.
Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем” деди Президент.

Мамлекет башчы ошондой эле балбан кыз-келиндер алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, айтылуу спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова сөз сүйлөдү.

Андан соң, Садыр Жапаров кызыл тесмени кесип, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн толук кандуу даярдоо үчүн заманбап шарттар — медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы, конференц-залы, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган имаратты көрүп чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты