Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында КЭР бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Кытайдын жол жана көпүрө куруу, темир жол, энергетика, транспорт, коммуникация, маалымат технологиялары, билим берүү, туризм жана башка чөйрөлөрдөгү ири компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Ал Кыргызстандын эки тараптын кызыкчылыгындагы транспорт, коммуникация, энергетика, курулуш, айыл чарбасы, туризм жана башка тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, Президент кытай ишкерлерине Кыргызстанда инвестициялык виза киргизилгенин, инвестициялык категориядагы визалардын мөөнөтү — өлкө экономикасына 10 миллион сом салым кошо турган болсо — 5 жылга чейин, өлкө экономикасына 20 млн. сом салым кошо турган болсо — 10 жылга чейин экенин айтып берди.

Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.Мындан сырткары, Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты