Садыр Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу 27-декабрда башталат

  • 12 месяцев мурун

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун расмий курулуш иштери ушул жылдын 27-декабрында башталарын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик курултайда айтты.

Өлкө башчынын айтымында, бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар»,- деди ал курултайда.

Садыр Жапаров ошондой эле, Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекетинин ачылышы — өлкөбүздүн транзиттик потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам экендигин айтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты