Садыр Жапаров: Кыргызстандын калкы улгайып бараткандыктан, мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн өсүшүн колдоодо

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров Кыргызстандын калкы улгайып бара жатканын айтып, мындан улам мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасап жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү беруу пландаштырылууда.

Өлкө башчы бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөдү.

Садыр Жапаровдун айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун талдоосуна ылайык, 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү жалпы калктын 4 пайыздан азын түзсө, анда өлкө жаш деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 4 пайыздан 7 пайызга чейин болсо, өлкөдө калктын улгайып бараткандыгынын белгиси. Улгайган адамдардын көрсөткүчү 7 пайыздан ашса, калктын улгайып калгандыгы катары сыпатталат.

«2024-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү 5,7 пайызга (408 миңге жакын) жеткен. Тилекке каршы, бул Кыргызстандын калкы улгайып бара жаткандыгынан кабар берет. Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга карата божомолу боюнча улгайган калктын көрсөткүчү болжол менен 7 пайызды түзөт. Бул биздин өлкөдөгү калктын улгаюу тенденциясына өткөндүгүнүн белгиси»,- деп билдирген ал.

Өлкө башчы мындан улам мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн өсүшүн колдоп жаткандыгын жана 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү беруу пландаштырылып жаткандыгын айткан.

Анын айтымында,

– төртүнчү балага –100 миң сом;

– бешинчи балага – 600 миң сом;

– жетинчи балага – 1 миллион сом;

– сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;

– тогузунчу балага –1 миллион 500 миң сом;

– онунчу жана андан көп балага –2 миллион сом берилет.

«Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргыз Республикасынын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелет»,- деди өлкө башчы.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты