Садыр Жапаров: Квадроцикл, мотоцикл менен тебелетпегиле
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып жүргөнүн, Каркыра, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң Алай жана башка бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, каршы-терши жолдорду пайда кылып салышканын айтты.
Жайлоолор такыр боло баштаган, себеби 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери болгон эмес.
«Биз 4-5 жылдан бери жайлоолорго урук себүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорго урук себүү мүмкүн эмес. Бери дегенде 15-20 жыл керек болот. Себеби урук себилген жер мал жайылбай, бир эки жыл эс алып туруш керек. Малдын саны да абдан көбөйүп кеткен. Ошондуктан урматтуу жайлоочулар, ар бириңер жайлоого барган турист болобу же өзүңөрбү жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле. Техника менен негизги жолдордон чыкпагыла. Жайлоолорду өз бакчаңардай коргогула. Келечекке, балдарыңарга жакшынакай жайлоолорду калтырып кеткиле. Кайдыгер болбоңуздар», — деди Садыр Жапаров.




