Садыр Жапаров: “Кумтөрдүн” акчасынын үзүрүн Жаңы жылдан кийин көрөбүз

  • 2 года мурун

Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда.

Бул тууралуу кечээ, 19-декабрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда билдирди.

Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай маселе жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар долбоорлор каржыланарын белгиледи.

Ишканада жылына 1 миллиард долларлык алтын казыларын айткан Жапаров ал акчанын жарымы компаниянын өз чыгымдарына жумшаларын, калганы таза киреше экенин кошумчалады жана май айынан берки 200 миллион долларга жакын таза киреше азыр “Кумтөрдүн” эсебинде турганын айтты:

“Кумтөрдүн” акчасынын үзүрүн, Кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин көрөбүз. 300 миллион доллар менен январь айына киребиз. 30 жылдын тарыхында мындай болбоптур. Ошону бөлүштүрүп беребиз. Завод-фабрика салганга, дыйкандарга насыяга, жолдорго… Январь-февралда бөлүштүрүп берсек, марттан тартып иштер башталат. Облустарга, райондорго беребиз. 1-апрелден баштап эмгек акыны көбөйтөбүз. Пенсия-жөлөкпулга да дагы кошобуз. Мугалим, медик, милиция, аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатабыз».

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

«Центерра» кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда айтып чыккан. «Кумтөр Голд» компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты