Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин (полиция) кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келген КМШга мүчө мамлекеттердиен ички иштер министрлерин кабыл алды.


“Акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан мыйзамдуулукту жана укук тартибин коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыздоого, жарандардын бейпил жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка иш-чаралар жүргүзүлдү” деди Президент.


Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигинин потенциалы анын заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга даярдыгын толук көрсөтүүгө, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.


“Чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу көп тараптуу жана эки тараптуу форматта, анын ичинде КМШ өлкөлөрү менен кеңейип жатканы кубандырат» деп белгиледи ал.
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү биргелешкен жыйын кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошкон дагы бир кадам экенине ишенимин билдирди.

Жолугушууга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстандын ички иштер министрлери, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси, КМШга кирген мамалекеттердин кылмыштуулукка каршы күрөшүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты