Садыр Жапаров КМШда туризмди өнүктүрүү үчүн эл аралык сыйлык түзүү зарылдыгын белгиледи  

  • 2 года мурун
Садыр Жапаров КМШда туризмди өнүктүрүү үчүн эл аралык сыйлык түзүү зарылдыгын белгиледи  

Президент Садыр Жапаров “Каракол – 2022-жылдагы КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын алкагында жогорку даражалуу чет элдик коноктор менен жолугушту.

Жолугушууга Россиянын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун  аткаруучу директору Анатолий Иксанов, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бекетжан Жумаханов, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту.  

2022-жыл КМШ өлкөлөрүндө элдик чыгармачылык жана маданий мурас жылы деп жарыяланганы абдан маанилүү жана бүгүнкү иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин мамлекет башчы белгиледи.

«КМШ мейкиндигинде маданий кызматташтык уламдан-улам жаңы багыттарды жана формаларды камтыган жаңы чектерге чыгып жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Шериктештик өлкөлөрүндө өтүп жаткан конференциялар, театр жана музыка фестивалдары, кинофорумдар жана башка долбоорлор жаңы чыгармачылык байланыштарды орнотууга көмөктөшөт.- деди Садыр Жапаров.

Президент Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин туризмин өнүктүрүү үчүн эл аралык сыйлыкты түзүү зарылдыгы бышып жетилгенин, бул КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого жардам берерин белгиледи.

Михаил Швыдкой айткандай, Россия менен Кыргызстанды тыгыз маданий гана эмес, саясий жана экономикалык мамилелер дагы байланыштырып турат, бул Россия үчүн абдан маанилүү. Эки тараптуу кызматташтык өзгөчө тарыхый мүнөзгө ээ. Каракол маданияттардын жана түрдүү этностордун айкалышын күбөлөндүргөн укмуштуудай шаар.

КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун  аткаруучу директору Анатолий Иксанов Каракол укмуштуудай маданиятка каныккан жер бетиндеги чекит экенин айтып жана мен муну Шериктештиктин бардык өлкөлөрү менен бөлүшкүм келет деп кошумчалады

Бекетжан Жумаханов Президент Садыр Жапаровдун КМШга мүчө-мамлекеттердин туризмин өнүктүрүү үчүн КМШнын сыйлыгын түзүү демилгесин колдоду.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов да Кыргызстандын бай жаратылышын жана маданиятын баса белгиледи. Бул эл аралык иш-чарага катышкандыгын зор канааттануу менен белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты