Садыр Жапаров: Келбейм деп керсейип, келбей коюптур

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде «Манас айылы» улуттук комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

Манасчы Сыдыковдун Президент менен жолугушууга келбей койгон себебин мындайча түшүндүрдү:

-Кудай көрүп турат. Жакшы ой менен чакыргам. Даяр болуп жаткан долбоор менен тааныштырайын дегем. «Манас айылын» Манас айылы деген атка татыктуу кылып оңдоп коелу деп жасап жаткан иштерди көрсөтүп коеюн, администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка «Манас театры», кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам.

Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем.

Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса, түшүнүп кайра тескерисинче колдоп калаар деген ой менен чакыргам. Келбейм деп, керсейип келбей коюптур. Мейли келбесе деп ишти улантып жатабыз. Мамлекет бир кекейген адамга карап олтурмак белек.

Азыркы «Манас айылынын» кебетесин барып көргүлөчү. Иттер менен селсаяктардын дааратканасы болуп калыптыр. Өзү ошол жерде бир жылча башчы болуп иштеди. Эң жок дегенде колуна күрөк алып анча-мынча болсо да тазалап койсо «ии, мекенчил бала экен» деп каласың го. Ошону калтыр дейт. Баланын мээси ордунда эмес экен. Ошондон кийин теңелбей эле коелучу дедим.

«Манас айылын» чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бүткөндөн кийин баа бергиле. Ким туура, ким туура эмес кылып жатканын. Тез эле бүтөбүз. Эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы Манас айылы болот. Түбөлүк калат. Азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Анысы аз келгенсип Манаска таандык бир сөлөкөт жок. Манас айылы деп айткандан уяласың, -деди Садыр Жапаров.

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени маалым.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Сүрөттө: Дөөлөт Сыдыков. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты