Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти

  • 2 года мурун

“Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты манасчынын жубайы Ырыс Окенова «ПолитКлиника» медиасына ырастады. Бирок ал үй-бүлөсүнүн өлкөдөн чыгып кетүү себебин айта албай турганын билдирди.

Анын айтымында, Дөөлөт Сыдыков «Манас айылы» комплексинин директорлугунан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.

Социалдык тармактарда манасчынын өлкөдөн кетишине бийликтин кысымы себеп болгону айтылууда.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде «Манас айылы» жаңыланып, анын маңдайына «Манас» театры салынарын айткан.

Кийин маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты