Жапаров Токаевге Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу көңүл айтты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу казак президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын тынч калкынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнүндө сизге жана боордош Казакстандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус жоготуунун күйүтүн жана ызасын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирүүнү өтүнөм.

Мамлекеттерибиздин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына таянып, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун бузулбас принциптерине таянуу менен биз Казакстан Республикасын ишенимдүү кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары ар дайым колдойбуз.

Ушул оор мезгилде боордош Казакстан элине стабилдүүлүк, биримдик, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бүгүн, 10-январь Казакстанда январь айынын башында орун алган башаламандыкта каза болгондорго байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн Телеграм каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке какты.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалымат боюнча, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды «чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар» уюштурганын билдирип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты