Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга барат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда иш сапары менен Түркмөнстанга барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) XV cаммитине катышат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында өтө турчу Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары Экономикалык кызматташтык уюмунун мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат.

Ошондой эле Түркмөнстандын Экономикалык кызматташтык уюмунун жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты