Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барды
- 11 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын учагы «Биньхай» эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто мамлекеттик туулар илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын илим жана техника министри Инь Хэчжун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчы Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болот.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




