Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен 30-октябрда  Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына барды.

Мамлекет башчынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты