Садыр Жапаров инисинин камалышы тууралуу пикирин билдирди

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине 24-июлда берген маегинде иниси Улан Жапаровдун коррупциялык иштерге аралашууга шектелип камалышы боюнча суроого жооп берди.

Иниңиз Улан Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип кармалды. Жакында эле баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Ушул боюнча кандай комментарий бере аласыз?

-Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы, мейли ким болбо, камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.

“Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «Бирге жаза, миңге сабак» деди президент.

Бишкекте коррупцияга шектелип Улан Жапаров кармалганын жана ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экени  айтылды  32 жаштагы Улан Жапаров Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылынын тургуну Бишкектеги СИЗОго камалган.   

Ички иштер министрлиги кылмыш иши коррупция беренеси менен козголгондугун тастыктаган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камалган жаран 26-июлга чейин камакта калтырылганын маалымдаган.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты