Садыр Жапаров ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда тургундар бут тосуп жатканын билдирди
- 4 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк тарабынан бут тосулуп жатканын билдирди.
«Айтайын дегеним, өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк тараптан бут тосуулар болуп жатат. «Суубузду кирдетип жатасыңар» дешип, жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды» деди президент.
«Өзүбүз суу башында олтуруп алып, башка өлкөлөрдөн электр энергия сатып алганыбыз – өтө уят иш. Ошондуктан, ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү, силердин аймагыңарда курулуп жаткан чакан ГЭСтерге, мейли менчикпи же мамлекеттикпи, максималдуу түрдө жардам бергиле. Ал эми жергиликтүү тургундарга айтарым – курулуш иштерине тоскоол болбогула. Курулуш иштери күндүз жүрөт. Эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алгыла. Ыңгайсыздыкка 3 ай чыдап койгула» деди Садыр Жапаров.
Президент суу башында туруп, электр энергияны импортторубузду, бюджеттен 8,5 миллиард сом чыгым кыларыбызды белгиледи:
«Биз суу башында туруп 3 миллиард кВт/с электр энергияны импорттогон мамлекетпиз. Импорттолгон электр энергиянын баасы 1 кВт/саатына 3 сом 50 тыйынды түзөт. Бүгүнкү күндө элге берилип жаткан электр энергиясынын баасы 1 сом 11 тыйын. Ортодогу 2 сом 39 тыйын айырманы республикалык бюджеттен субсидия кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө бюджеттен 8,5 миллиард сом чыгым кылабыз. Бул акча – ар бир кыргызстандыктын акчасы, салыктан түшкөн акчалар. Ушундай каатчылыкты жок кылыш үчүн, 2021-жылдан баштап массалык түрдө чакан жана орто ГЭСтердин курулушун баштаганбыз. Мындан сырткары “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу башталып жатат» деп белгиледи президент.
Иллюстрациялык сүрөт: «Чакан ГЭС»