Садыр Жапаров: «Чек арада каза болгондордун үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз»

  • 2 года мурун
Садыр Жапаров: «Чек арада каза болгондордун үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз»

Бүгүн, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасады.

«Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап, өстүргөн энелерге айтарым сиздер чыныгы баатыр уулдарын төрөгөн экенсиздер. Сиздерге башымды ийип таазим кылам. Алардын ар биринин эрдиги Кыргызстандын эсинде түбөлүккө сакталат. Мекенин коргоп, каза болгон ар бир жоокердин ата-энелерине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар. Баатыр уулдарыбызга бүт кыргыз эли баш ийип тазим этип жатат. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз», — дейт Садыр Жапаров.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам. Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты