Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров  20-сентябрда Нью-Йорк шаарында, Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгынын имаратында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери үчүн ыраазычылык билдирип, бул көйгөйдүн маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле БУУ Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө — Кыргызстандын келечекке болгон көз карашынын негизги элементи экенин белгиледи.

Ал жаңы геосаясий шартта Борбор Азиянын ролу жана мааниси эселеп күчөп жатканына басым жасады.

Ошону менен бирге Президент Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча демилгелерди колдоорун, ошондой эле эл аралык коомчулукту тышкы карызды «жашыл» демилгелер менен алмаштырууга чакырарын айтты.

Сүрөт: Презхиденттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты