Садыр Жапаров: “Биз өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз”

  • 3 месяца мурун

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде сугат суулары тууралуу маселеге да токтолуп кетти.   

Сууну суткалык тескөөчү (БСР) жана сууну декадалык тескөөчү бассейндерди (БДР) куруу жана жаңылоо зарылчылыгы тууралуу айтты.

— БСР, БДРлер боюнча айтсам, илгерки курулган БСР, БДРлер жакшы каралбай, тазаланбай олтуруп, толуп калган. Ошентип, суу аз топтолуп, сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги дыйкандарга дайыма көйгөй жаратып келген. Быйыл баарын тазалап жатабыз. Андан сырткары, өлкө боюнча жаңы БСР, БДРлерди курууга тапшырмаларды бердим.

Бул БСР, БДРлер биринчи кезекте бизден төмөн жайгашкан кошуналар үчүн чоң пайда.

Себеби биз сугат мезгилинде агып жаткан сууну талашып калып жатабыз. Эгер биз БСР, БДРлерге кыштын күнү алашалбырт болуп агып жаткан сууларды топтоп калсак, жаздан баштап агып жаткан суу толугу менен кошуналарга агып кирип турат.

Тагыраагы, буга чейинки алып жаткан көлөмдөн көбүрөөк суу алышат. Сугат мезгилинде биздин дыйкандар БСР, БДРлердеги сууну колдонушса, кошуналар агын сууну толук колдонушат.

Өткөндө Бишкектин ичин каптап кеткен сууларды көрдүңөр го. Жогору жакта тосуп алар БСРлер жоктугунан, шаардын ичине чейин агып келип, көчөлөрдү каптап жатат.

Эгер БСРлерибиз болгондо, ошол суулардын баары топтолуп калат эле да. Мындай көрүнүш өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп жатат.

Эгер биз кышта ушинтип пайдасыз агып жаткан сууларды сактап калсак, кошуналарга да суу кенен жетмек. Биз келечекте суу талашпай, кыштын күнү пайдасыз агып жаткан сууларды үнөмдөп алуу максатын көздөп жатабыз.

Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо суу беребиз. Бул — турган иш.

Бир мисал келтирейин. «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруп баштабадыкпы. Бул ГЭСтен суунун пайдасы кошуналарга тиет. Бизге электр энергиясы гана пайда. Биз Нарын суусунун 1 пайызын гана сугатка же ичүүчү суу катары колдонобуз. 99 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетет.

Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот.

Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат.

Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз. Мына ушундай проблемаларды чечиш үчүн иш алып баруудабыз.

Биз өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз. Түбөлүк кошуна болгондон кийин түпкүлүгүн да ойлошубуз керек. Анан “биз суу башында турабыз, суу бербейбиз” деген акылга сыйбаган иш. Баарыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз. Эми анын баарын атап олтурбайын, эл өзү жакшы билет, -деди Садыр Жапаров маегинде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты