Садыр Жапаров: Бишкекте августта жаңы, заманбап стадиондун курулушу башталат

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Бул тууралуу Президент кечээ, 14-июнда, спортчулар менен баарлашууда билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү  ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон  көп функциялуу спорттук арена болот.   Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Садыр Жапаров 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын курама командаларынын беттешине барды.  Беттеш аяктаган соң мамлекет башчы улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.рамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Кыргызстан менен Тажикстан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо чүн мелдеште 0:0 эсеби менен тең чыкты. Эки команда тең Азия кубогу-2023 мелдешине өттү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты